Радио

Кыргыз тайганынын стандартын сактоо ишине көңүл бурулат

Салбуурун федерациясынын Жалал-Абад облусу боюнча куратору, тайганчы Алтынбек Изабеков таза кыргыз тайганынын стандарттарын калыбына келтирүүгө, сактоого аракет көрүлүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда таза тайган баккан 200дөй гана тайганчы бар. Ал эми Салбуурун федерациясы түптөлгөндөн бери тайганчылык өнөрдү алып жүргөндөрдүн башы биригип, жакшы жетишкендиктер болуп жатканын Алтынбек Изабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, таза кыргыз тайганынын стандартын 60-жылдардын башында советтик кинологдор түзгөн.
"Кыргызстанда таза тайган баккан 200дөй гана тайганчы бар. Ал эми Салбуурун федерациясы түптөлгөндөн бери тайганчылык өнөрдү алып жүргөндөрдүн башы биригип, жакшы жетишкендиктер болуп жатат. Албетте, көчмөндөрдө ит менен атка мамиле жакшы болгон. Аңчылыкка чыкканда, мал чарбачылыгында, үйдү кароодо иттин орду болгон. Өзгөчө таза кандуу аңчы тайганга кыргыз башкача шарт түзгөн. Таза кыргыз тайганын 60-жылдардын башында Минюхин баштаган советтик кинологдор изилдеп, анын стандартын жазышкан. Бүгүнкү күнгө чейин ошол талаптарды аткарууга аракет көрүп келебиз. Ортодо көп кыйын учурлар болуп, түрдүү иттерге аралашып, тайгандардын сапаты начарлап кеткен. Кийин атайын мелдештерди өткөрүп, тайган жарышка иттерди даярдап, бул өнөрдү аркалагандардын саны көбөйдү", — деди Изабеков.
Ошондой эле адис кыргыз тайганы учурда республиканын ар бир облусунда багылып, тайган жарыштарга алып келип жатышканын кошумчалады.