Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100 объект ачылат

Садыр Жапаров жаштар Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жакындан билиши керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргызстанда 100 ири объектини ачуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, "Ала-Тоо" аянтындагы куттуктоо сөзүндө билдирди.
"Мен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгонумду билесиздер. Быйыл ошол даңазалуу жүз жылдык тарыхыбызга таазим кылып, ага салым кошкон ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгегин белгилөөнүн алдында турабыз. Бул 100 жылдык мааракеге байланыштуу өлкөдө 100 ири объектини ачууну мерчемдеп жатабыз", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жаш муун жакшы билиши керектигин белгиледи.
"ХХ кылым да жамы кыргыз журтчулугу үчүн кыйла трагедиялуу окуялар менен башталып, Үркүндөн кийин ар кандай каршылыктар менен кырчылдашкан кармаштарды башынан өткөрүп, кыйла такшалып, интеллектуалдык деңгээли, илим-билими жетилип калган мамлекет түптөөчүлөрүбүздүн көшөргөн аракети менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жаш муун жакындан жакшы билиши абзел!" — деди президент.
Радио
Акматалиев: Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү эгемендиктин пайдубалы болгон