БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты. Өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы менен "Ала-Тоо" аянтындагы маданий көргөзмөлөрдү, жарманкелерди кыдырып чыкты.
Аларга кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, окуучулардын түрдүү ийримдердеги көнүгүүлөрү көрсөтүлдү.
Президент менен биринчи айымды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коштоп жүрдү.