Айдоочу, абайла! Апрелге чейин өлкөдө рейд жүрөт

Мас болуп автоунаа башкаргандардын унаасы айып короого токтотулуп, анын иши райондук сотко жиберилип, күнөөсү тастыкталса күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында "Рулда" деп аталган рейд башталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Мындай көзөмөл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында жүргүзүлмөкчү.
"Марттын аягы, апрелдин башына чейин инспекторлор айдоочуларды көзөмөлдөп, рулдагыларга жана жөө адамдарга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Унааны катуу ылдамдыкта айдаган, ээн баш, мас абалындагы айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ылдамдыкты сактабай, адамдын өмүрүнө коркунуч туудуруп каршы тилкеге чыгып айдагандарга 15 миң сом айып салынат. Ал эми мас абалында автоунаа башкаргандардын унаасы айып короого токтотулуп, иши райондук сотко жиберилет. Күнөөсү тастыкталса күбөлүгүнөн ажыратылат.
"Агам эмнеге дагы эле мас бойдон жүрөт?" Ошто дарыгерлер сабалган видео