22-мартка карата аба ырайы

22-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жеринде +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл, Чүй облустарында +6…+11, Нарын чөлкөмүндө +4…+9 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +9…+11 , Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
Абаны булгайт! Министрлик жалбырак өрттөбөөгө чакырды