Өзбекстан менен чектешкен аймактан УКМК 15 метр тереңдиктеги тоннель тапты. Видео

Жашыруун жай Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгонун аныкташты. Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон.
Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн.
1 / 4

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташыганга ылайыкталган жер астындагы тоннель табылды

2 / 4

Жашыруун жай Бек-Абад айылынын тургунунун үйүндө, тагыраагы, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде болгон

3 / 4

Тоннелдин тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 130 метр, Кыргызстандын чек арасына чейинки аралык 50 метр экенин аныкташты. Ал эми жер астындагы киши баскан коридордун бийиктиги 1 метр 70 сантиметрди түзгөн

4 / 4

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн үйдүн 38 жаштагы ээси Э.А. кармалды.
Учурда УКМК кызматкерлери тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар тараптарды, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын айтышты.
Атайын кызмат жарандарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (Whatss app/Telegram)) байланыш номерлери аркылуу билдирүүгө чакырды.
Баткенден да Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Видео