Электрондук чылым тиштин өңүн карайтып, өзгөртүп жиберет. Дарылабаса пародонтоз оорусуна чалдыгат. Бул тууралуу Эламан Таалайбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр жаштар электрондук чылым менен катар насвайды да көп чегип жатат.
"Вейп тиштин өңүн өзгөртүп, пародонтозго кептейт. Көп учурда оору кабылдап, кебер тиштин мүлкүн качырып, сөөккө жетет. Анын натыйжасында сөөк да ылдый чөгө баштайт. Насвай чегүү да тиштин саламаттыгына терс таасирин тийгизип, тез бузат. Мүлкү бузулганда тиш бошоп, түшө баштайт. Муну менен катар айрым бейтаптар тиши түшкөндө дароо стоматологго келбей жүрө берип, дарыгерге да чоң көйгөй жаратат. Негизинен түшкөн бир тиштин айынан бардык тиштер жабыркайт, кыйшайып жылышат. Алдындагы сөөк сакталып калса жакшы. Анткени имплант койдуруп же тиш салдырып алууга болот. Сөөктүн чөгүп кеткени кооптуу", — деди Таалайбек уулу.
Ал пародонтоздон тиштердин ортолору ачылып, адам атрофеяга кабыларын кошумчалады.