Биримдик-Кут конушунда "Унаанын" күнү-түнү иштей турчу бөлүмү ачылат

Бишкектин жанындагы айланып өтүүчү трассадагы Унаа калкты тейлөө борборунун проектиси
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектин четинде "Унаа" мекемесинин 24 саат бою иштей турган бөлүмү ачылат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аянты 500 чарчы метрди түзгөн жаңы ачыла турган бөлүм Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун жээгинде, Биримдик-Кут жаңы конушунда жайгашмакчы. Ал жерде жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларды каалаган убакта каттатууга болот.
Пилоттук долбоордун май айында ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Унаа мамлекеттик мекемесинин имараты. Архив
"Унаа" мекемеси эс алуу күндөрү кандай иштээри айтылды. График