Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жыргатпайт экен. Украиналыктар Abrams танкасына ичи чыкпаганын айтышты

Согуштук техниканы жакшылап кармап, кароо жана оңдоо Киев аскерлеринин баш ооруткан маселеси болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү колдонуп жаткан америкалык Abrams танкаларын сындаган сюжетти жергиликтүү NV.ua жарыялаганын РИА Новости билдирди.
Материалда Украинада Abrams менен согуш талаасына чыгуу кыйын болуп жатканы, бул техниканын кармашта пайдаланылганы тууралуу маалымат ал тургай эксперттерде да жокко эсе экени айтылган. Ал эми украиналык аскерлер техниканы колдонууга ашыккан эмес. Басылма "супермашиналардын кайсы жеринде кемчилиги бар" деген суроо салган.
"Аны жакшылап кармап, кароо жана оңдоо Киев аскерлеринин баш ооруткан маселеси болууда. АКШда бул танканы калыбына келтирүү үчүн бүтүндөй бир завод иштейт, аны оңдоп-түзөбөйт, чечип туруп, кайра жыйнап чыгышат. Украин аскерлеринин минтип отурганга убактысы жок, мындан сырткары, темир жырткыч майды оңбогондой көп "ичет". Кыймылдаткычын иштетиш үчүн эле кеминде 38 литр май керектелет", — деп жазган NV.ua.
Украиналык аскердик эксперт Иван Ступак басылмага берген интервьюсунда Abrams боюнча мыкты деген техникалык мүнөздөмөлөрдү укпаганын айтып, ал эми Британиянын Challenger 2 танкасы боюнча оң пикирин билдирген.
Украиналык аскерлер техниканы жүргүзүп турган бөлүгү боюнча кыйынчылыкка дуушар болуп, буга кошумча, анча ишенимдүү сооттолбогонун да айтышкан. Эксперт америкалыктар Киевге танкалардан заманбап соотторун чечип алып, анан берген деп боолголойт.
"Себеби америкалыктар бул танкаларды жөнөтөр алдында акталган ураны бар элементтерди (сооттогон – ред.) чечкендей болушкан, алар ноу-хау эле. Себеби танканы россиялыктар талкалап же олжолойт деп кооптонушкан", — деген эксперт.
Ал арада россиялык спецназ талкаланган Abrams танкасына жетип, анын ичин видеого тартып алган. Бул Авдеевкага жакын жерде россиялык күчтөр иштен чыгарган танк.
2023-жылдын сентябрынын соңунда Ак үйдүн стратегиялык коммуникация боюнча координатору Жон Кирби Украинага Abrams танкаларынын биринчи партиясы келгенин, Вашингтон Киевге мындай машинадан 31ди убада кылганын айткан.
Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операция жүрүп жаткан аймактарда ондогон Leopard, бир нече Challenger жана франциялык AMX-10RC техникаларын талкалаган. Жакында эле дагы төрт Abrams иштен чыкканы белгилүү болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Талкаланган Abrams. Россиялык аскерлердин кезектеги олжосу. Видео