Кара-Балтадагы атышуу: спецназ кимди кармамак? Окуянын чоо-жайы

Пара алууга шектелип жаткан тартип сакчылар акчаны автоунаанын терезесинен ыргытып жиберишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарында УКМКнын "Альфа" атайын дайындоодогу бөлүгү милиционерлерди токтотуу максатында асманга жана автоунаанын дөңгөлөгүнө ок аткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо тармагындагы ишенимдүү адамдар билдиришти.
Буга чейин окуянын видеосу социалдык тармакка жарыяланган. Өздүк булактардын айтымында, бул күнү Чүйдөгү Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкерин кармоо операциясы жүрмөк. Алар пара алууга шектелип жаткан.
"Айрым маалыматтар боюнча, милиционерлер акчаны автоунаанын терезесинен ыргытып жиберишкен. Алардын бири Жайыл РИИБинин кызматкери болсо, экөө Чүй ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштейт. УКМК өкүлдөрү алгач асманга ок чыгарып, андан соң милиционерлер отурган машинанын дөңгөлөгүнө ок аткан. Укук коргоо кызматкерлери автоунаа менен из жашырып, кийин аны таштап качып кетишкен. Учурда изделүүдө", — дешти маалымат бергендер.
20 миң доллар пара талап кылды деп милициянын подполковниги кармалды. Сүрөт