Москвада мекендештерин карактап кеткен үч кыргызстандык кармалды. Видео

Колго түшүрүлгөндөр Россияга Ош, Баткен облустарынан иштегени барып, учурда Москвада жашап жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Москвада мекендештерин карактап кеткен Кыргызстандын үч жараны кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бир нече күн мурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө каракчылардан жапа чеккен жарандардан кайрылуу келип түшкөн.
"Шектүүлөр кыргызстандык эки кыздын үйүнө кирип, бычак менен коркутуп телефон, акча жана зер буюмдарын алып кетишкен. Мекендештердин арызы Москванын полициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 162-берененин 3-бөлүгү ("Каракчылык") боюнча иш козголгон", — деп айтылат маалыматта.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында каракчылыкка шектелип Кыргызстандын үч жараны колго түшүрүлгөн. ИИМ кармалгандар Россияга иштегени барганын, учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилип жатканын кошумчалады.
Жалал-Абадда ишкер аялды тоноп, өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалды. Видео