Пресс-борбор

Министрлик менен муфтияттын кызамык боюнча брифинги

Иш-чара шаршемби, 20-мартта, саат 10:00дө онлайн режиминде өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан маалымат борборунун "ВКонтакте" социалдык тармагындагы баракчасында көрсөтүлөт.
Sputnik
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда бир жылда 22 миң адам эмдөөдөн өтпөй коюп, тогуз бала кызамыктан каза болгонун кабарлаган. Бейшеналиев ийне сайдыруудан диний ишенимдерге байланыштуу да баш тартып жатышканын айтып, бул боюнча министрлик муфтият менен биргеликте иш жүргүзүп жатканын кошумчалаган.
Кызамык боюнча абалды айтып берчүлөр:
Ишенапысова Гүлбара Сатыгуловна — Республикалык эмдөө борборунун директору;
Кадырбердиев Абибилла — муфтийдин орун басары.
Кызамыкка каршы ревакцинациялоо 6 жашта эмес, 2 жашта сайыла турган болду