Пресс-борбор

Министрлик кыргызстандыктар эмдөөдөн эки себеп менен баш тартарын айтты

Ооруга каршы ийне сайдыруудан 22 миң киши баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар эмдөөдөн көбүнесе диний көз караштан улам же вакцинанын сапатынан күмөн санаганы үчүн баш тартат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik агенттигинде кызамык боюнча абалга байланыштуу өткөн брифингде билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова
Анын айтымында, аталган борбор 2018-жылдан бери муфтият менен кызматташып келет, ал мезгилде баш тарткандардын 70 пайызы диний көз караштан улам эмдөөгө каршы чыгып келген. 2019-жылы Аалымдар кеңеши тиешелүү фетва кабыл алганы менен мусулмандар вакцинацияга мамилесин өзгөрткөн эмес. Бүгүнкү күндө эмдөөдөн баш тарткан 20 миң кишинин 48 пайызы диний көз караштан улам макул болбосо, ал эми 43 пайызы вакцинанын коопсуздугунан күмөн санап эмделбей турганы аныкталган.
Ишенапысова диний ишмерлер фетваны кайра карап чыгууну сунуштап, азыркы тапта жумушчу топ түзүлүп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, жакында эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир жылда кызамыктан Кыргызстанда тогуз бала каза болгонун билдирген. Ооруга каршы ийне сайдыруудан 22 миң киши баш тарткан. Президент Садыр Жапаров да илдет көбөйүп жатканын белгилеп, арбын бөлүгү эмделбегендер экенин айткан.
Кызамыкка каршы ревакцинациялоо 6 жашта эмес, 2 жашта сайыла турган болду