Пресс-борбор

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы башталды

Былтыр күзүндө жарым миллионго жакын бала эмдөөдөн өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстанда максаттуу топтогу балдардын 90 пайыздан ашыгы кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн. Мындай көрсөткүч дайыма сакталышы керек. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова
Анын айтымында, 2023-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин республикада бир жаштан жети жашка чейинки 480 миңден ашык бала эмделген. Былтыркы жылдын ноябрь айынан бери курч эпидемиологиялык абал сакталып турган Жалал-Абад облусунда 13-марттан тарта кошумча эмдөө кампаниясы башталды.
Ишенапысова белгилегендей, кызамык оорусунун чыгышына коронавирус пандемиясы учурунда вакцинадан баш тарткандардын көбөйүшү жана эмдөө алган балдардын санынын азайышы себеп болгон. Бүгүнкү күндө балдардын 93 пайызы вакцинанын биринчи дозасы, 96 пайызы экинчи дозасы менен эмделди.
Улуттук эмдөө календары өзгөртүлгөнү да белгиленди. Ага ылайык, кызамыкка каршы биринчи эмдөө мурдагыдай эле жыл сайын жүргүзүлөт, бирок ревакцинация алты жашта эмес, эки жашта сайыла турган болду. Анткени оорулуулардын арасында алты жашка чейинки балдар да болуп жатат.
Пресс-борбор
Министрлик кыргызстандыктар эмдөөдөн эки себеп менен баш тартарын айтты