Бишкекте жер титиреди

Очогу Бишкек шаарынан 48 чакырым түштүктө жана Алматыдан 217 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте кечки саат 21:05те жер титиреди.
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, очогу (3,9 магнитуда) Бишкек шаарынан 48 чакырым түштүктө жана Алматыдан 217 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Ал эми Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.
“Коркунуч жок! Бишкекте жер титирөөнүн күчү 2-3 баллга жетти”, — деди Абдрахматов.
Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Бишкектен 25-30 чакырымдай түштүк тарапта, Кыргыз кырка тоолорунун астындагы тоолордо жатат.
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек