БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына жаңы кинотеатр куруу пландалып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Калаанын Капиталдык курулуш департаменти бул боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс жарыялаган. Маданий жай Спутник кичи районундагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан "Нооруз" сейил багынын аймагына салынмакчы.
Объектинин сметалык баасы 61 миллион сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды 2-апрелге чейин берүү зарыл.
Кинотеатрдын курулушун ушул жылдын 31-октябрына чейин бүткөрүү белгиленген.