Путин: Батыштын атайын кызматтары Россияны коркутууга аракет кылууда

Россиянын башчысы Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Батыштын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн акыркы чагымчыл сөздөрү шантаж жана Россия коомун коркутуу аракети экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекет башчысы Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн.
"Батыштын бир катар расмий түзүмдөрүнүн Россияда теракт жасалышы мүмкүндүгү тууралуу чагымчыл билдирүүлөрүн эске сала кетейин. Мунун баары ачыктан-ачык шантаж, коомубузду коркутууга жана туруксуздаштырууга багытталган", — деди Путин.
Россия президентин шайлоо
Путин — Россия президенти, чындык ушундай. Ак үй кийинки кадамдары тууралуу