Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Польша генералы: Украина согушта миллиондогон адамынан ажырады

Украинанын Куралдуу күчтөрү жүз миң эмес, миллиондогон адамынан ажырады. Мындай пикирин Польша армиясынын Башкы штабынын экс-жетекчиси, генерал Раймунд Анжейчак Polsat каналындагы интервьюсунда айткан.
Sputnik
Ал Россия-Украина фронтундагы азыркы кырдаалды "өтө оош-кыйыштуу" деп баалаган.
Мындан сырткары, Киев бийлигинин аскерий жетекчилер жаатындагы орун алмаштыруусунан сумма өзгөрүп кетпегенин белгилеген.
"Согушта сыйкыр болуп кетпейт, Украина күчтөрүнүн башкы кол башчысынын алмашканы абалды стратегиялык жаатта өзгөртө алган жок. Генерал Залужныйдын көйгөйлөрү кандай болсо, генерал Сырскийде деле ошолор жаралууда", — деген Башкы штабдын мурдагы башчысы.
Согуштагы жоготуулар туурасында да өзүнүн эсеби менен бөлүшкөн.
"Жоготуулары (Украинанын - ред.) жүз миң эмес, миллиондоп саналат деп ойлойм. Бул өлкөдө да, дүйнөдө да ресурс жок. Согуша турган эч ким жок. Көйгөйдү чечүү башкы колбашчыга да, президентке да оор болуп турат", — деген Анжейчак.
Ал эми АКШнын күттүргөн жардамынын келбей жатканында башка себептер бар экенин айтып, Америка колдоого албаган көп факторлор бардыгын белгилеген.