Орто-Токой суу сактагычына миллиондон ашык чабак кое берилди. Видео

Браконьерлер бир балык үчүн 1010 сом айып пул төлөп, жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак кое берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Сига-лудога балыгынын чабактары Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада чоңойтулган.
Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатканын "Орто-Токой ынтымагы" коомунун жетекчиси Жеңишбек Чекиров айтып берген. Ал баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын кошумчалады.
Мээнет менен өстүрүлгөн балыктарды мыйзамсыз уулагандарга иш козголорун жана бир балык үчүн 1010 сомдон айып пул салынып, жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.
1 / 5

Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак кое берилди

2 / 5

Сига-лудога балыгынын чабактары Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада чоңойтулган

3 / 5

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жаткан

4 / 5

Мээнет менен өстүрүлгөн балыктарды мыйзамсыз уулагандарга иш козголорун жана бир балык үчүн 1010 сомдон айып пул салынып, жоопкерчиликке тартыларын эскертишти

5 / 5

Ал эми адистер быйылкы сугат иштерине суунун камсыздалышы дурус экенин айтышкан

"Бул жерден каалаган учурда барып балык кармай берүүгө уруксат берилбейт. Ишкана берген билет менен гана тийиштүү көлөмдө уулоого болот. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган. Академия тарабынан 2023-жылы "Орто-Токой ынтымагы" ишканасына 1 тоннага чейин балык кармоого уруксат берилген", — деди Чекиров.
Ал эми адистер быйылкы сугат иштерине суунун камсыздалышы дурус экенин айтышкан.
"Учурда Орто-Токой суу сактагычында 386 миллион куб метр суу топтолду, 2024-жылкы вегетациялык мөөнөткө суунун камсыздалышы абдан жакшы. Апрель айынын жыйырмаларына чейин толук көрсөткүчтөгү 470 куб метр суу топтолуусу болжолдонуп жатат", — деди суу сактагычтын башкы инженери Нурбек Сыдыгалиев.
Өкмөт Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыктарды көбөйтүү планын жарыялады