Кыргызстан Москвадагы эл аралык туристтик көргөзмөдө өз стендин көрсөттү. Фото

Көргөзмөгө келген миңдеген коноктор Кыргызстандын туристтик потенциалы менен таанышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан Москвада өткөн Туризм жана меймандостук индустриясынын эл аралык көргөзмөсүндө (MITT) стенд уюштурду. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
1 / 2

Кыргызстан Москвада өткөн Туризм жана меймандостук индустриясынын эл аралык көргөзмөсүндө (MITT) стенд уюштурду

2 / 2

Бул — Россиянын рыногунда өз продукциялары менен кызматтарын көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн түзүлгөн бизнес-платформа. Ага ар кайсы өлкөдөн келген 70тен ашык компания катышат.

Бул — Россиянын рыногунда өз продукциялары менен кызматтарын көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн түзүлгөн бизнес-платформа. Ага ар кайсы өлкөдөн келген 70тен ашык компания катышат.
Көргөзмөгө келген миңдеген коноктор Кыргызстандын туристтик потенциалы менен таанышып, VR-презентацияны, фольклордук ансамблдин спектаклин көрүшөт. Ошондой эле ата мекендик туроператорлордон маалымат ала алышат.
Радио
Дыйканбаев: туристтер үчүн жети облуска бирден конок үй салынат