Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды.
Иш-чараны Кыргыз улуттук университети, Тарых жана аймактарды таануу институту, Архив кызматы, ошондой эле россиялык "Звезда" телеканалы уюштурууда.
1 / 4

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды

2 / 4

Иш-чараны Кыргыз улуттук университети, Тарых жана аймактарды таануу институту, Архив кызматы, ошондой эле россиялык "Звезда" телеканалы уюштурууда

3 / 4

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда түзүлгөн

4 / 4

Анын түптөлүшү экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүгө өбөлгө түзүп, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бириктирүү процесстерин тездеткен

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда түзүлгөн. Анын түптөлүшү экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүгө өбөлгө түзүп, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бириктирүү процесстерин тездеткен. Быйыл 100 жылдык маараке өлкөдө мамлекеттик деңгээлде белгиленмекчи.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенция өкүлдөрүнүн салымы чоң.
Радио
Акматалиев: Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү эгемендиктин пайдубалы болгон