Сот Фарид Ниязов менен Бусурманкул Табалдиевди актады

Фемида өкүлүнүн чыгарган чечиминде алардын реабилитацияланууга укугу бар экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Түркиянын 11 жаранына, анын ичинде Орхан Инандыга жарандык берилгени үчүн козголгон кылмыш иштин алкагында жоопко тартылган Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов акталды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Бусурманкул Табалдиев
Чыккан чечимде алардын реабилитацияланууга укугу бар экени жана аракеттеринде кылмыштын элементи жок болгону үчүн акталганы айтылган.
Түркиялыктарга жарандык берилген учурда Ниязов президенттик аппараттын башчысы, Табалдиев УКМКнын төрагасы, ал эми Апилов президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссиянын катчысы болуп иштеп турган.
Эскерте кетсек, бул иш боюнча күнөө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да тагылып, кийин акталган.
Орхан Инанды Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси болуп иштеп келген жана Кыргызстандын жарандыгын 2012-жылы алган.
Ал 2021-жылдын жай айында жоголуп, жакындары издөө салган. Көп өтпөй аны Түркияга кандайдыр бир жолдор менен алып чыгып кетишкени анык болгон. Инандыга мекенинде "куралдуу террордук уюмдарга жетекчилик кылган" деген айып тагылып, 21 жылга эркинен ажыратылган.
Радио
Абактагыларга мунапыс кандай шартта кантип берилет?