Министрлик: дыйкандарга күйүүчү май базар баасынан төмөн сатылат

Дыйкандар күйүүчү майды айрым май куюучу жайлардан талон аркылуу алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов дизель майы кымбат болуп турган чакта мамлекет дыйкандарга жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө кандай жардам берип жатканы тууралуу айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде республикада күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогору бойдон калып жатканын белгилеген.
"Биз Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен меморандум түздүк, келишимдик милдеттенмелер бар, бардык документтерге кол коюлган. Бизди дизель майы менен камсыздоодо үзгүлтүккө учурабайт деп ишендиришти. Быйыл мамлекет дыйкандарга 6 миллион литр күйүүчү майдын бир литрин 65 сомдон, базар баасынан арзан бөлүүдө. Бул күйүүчү май Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу сатылат. Дыйкандар аны айрым май куюучу жайлардан талон аркылуу алышат", — деди Довлетов.
Ал кошумчалагандай, күйүүчү май алуу үчүн дыйкандар Айыл чарба министрлигинин аймактык агрардык өнүктүрүү башкармалыгына каттоодон өтүшөт.
Радио
Быйыл өлкөдө айдоо аянты төрт миң гектарга көбөйүүдө