Чүй облусунда жер мунапысына байланыштуу 40 миңден ашуун адам арыз менен кайрылып, анын 20 миңине чечим чыккан. Быйыл Ысык-Ата, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы чечилбеген иштер караларын Самат Исманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чүйдүн Кемин, Панфилов райондорундагы жер мунапысына байланышкан маселелер толугу менен аягына чыкты.
"2021-жылы 5-апрелде жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары, ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилген. Учурда жер мунапысына байланыштуу маселелерди чечүү ишине жогорку деңгээлде маани берилип, бардык аспектилер каралып жатат. Чүй облусунда жер мунапысына байланыштуу 40 миңден ашуун адам арыз менен кайрылып, анын 20 миңине чечим чыккан. Быйыл Ысык-Ата, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы чечилбеген иштер каралат. Ал эми Кемин, Панфилов райондорундагы жер мунапысына байланышкан маселелер толугу менен аягына чыкты. Жерди мыйзамдаштыруу ишиндеги негизги көйгөй кызыл сызыкта жайгашкан жерлерде болуп жатат", — деди Исманов.
Ошондой эле адис өлкө боюнча Чүй облусунда жер мунапысына байланышкан тилкелер көп экенин кошумчалады.