Россия президентин шайлоо

Британиянын дипөкүлчүлүктөрү Россиядагы шайлоодо бюллетень бузууга шыкакчы болгон

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар.— Sputnik. Россияда жайгашкан Британиянын дипломатиялык жана консулдук миссиялары президенттик шайлоо учурунда Москванын ички ишине ачык эле кийлигишип, бюллетендерди жарактан чыгарууга шыкакчы болгон. Бул туурасында РИА Новости ага түшкөн комментарийлерде айтылганын жазды.
"Биздин өлкөдөгү Британиянын дипломатиялык жана консулдук өкүлдөрү ички ишибизге ачык эле кийлигишти, добуш берилип жаткан учурдарда бюллетендерди бузууга үндөгөн", — деп айтылган маалыматта.
Россияда президенттик шайлоо үч күн — 15, 16 жана 17-мартта өтүп, анда төрт талапкер ат салышты. Соңку маалыматтарга таянсак, Владимир Путин добуштардын 87,28 пайызын, Николай Харитонов 4,31 пайызын, Владислав Даванков 3,85 пайызын, Леонид Слуцкий 3,2 пайызын алган.
Россия президентин шайлоо
Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу