Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгороддогу аткылоодон улам 9 000 бала эвакуацияланат

Украина өткөн аптадан бери Белгород облусунун эл жашаган райондорун күн сайын аткылап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Белгород облусун Украинанын аскерлери аткылап жаткандыктан, ал жерден 9 000 баланы Россиянын ар кыл аймактарына алып кетишет. Бул туурасында РИА Новости аталган облустун губернатору Вячеслав Гладковго таянып жазды.
"Учурда көп айылдарды көчүрүп жатабыз, Белогород шаарынан, районунан, Шебекинск округунан, Грайворонск районунан 9 000 баланы алып чыгып кетүү планыбыз бар", — деген ал.
Аткаминер жума күнү 1,2 миң баланы Пензага, Тамбовго, Калугага жана Ставрополь аймагына жеткиришерин кошумчалаган.
"Системаны уюштуруп койдук", — деген Гладков.
Украина өткөн аптадан бери Белгород облусунун эл жашаган райондорун күн сайын жапырт аткылап жатат.
Бул күнгө чейин 16 жай жаран көз жуумп, 98и жаракат алган. Ооруканаларда 40ка чукул киши дарыланууда, алардын арасында балдар да бар. 2022-жылдын 11-апрелинен тарта Белгороддун аймагында террордук кооптуулук сакталып келет. Украина менен чек ара 350 чакырымга созулган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын диверсанттары Курск облусуна кирүүгө аракет кылышты