Акылбек Жапаров "Жунда" мунай заводуна колдоо көрсөтүүнү тапшырды

Ишкананы мурдагы кубаттуулукта 2024-жылдын II кварталында ишке киргизүү болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай заводунда болгон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү жактарга объектини ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаров Чүй облусун кыдырганын, анын ичинде аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышканын жазды.
1 / 3

Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай заводунда болгон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү жактарга объектини ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды

2 / 3

Өкмөттүн маалымат кызматы Жапаров Чүй облусун кыдырганын, анын ичинде аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышканын жазды

3 / 3

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Аны модернизациялоо жана мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын II кварталына болжолдонууда.
Министрлер кабинетинин жетекчиси заводдогу оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча маалымат алган.
"Жапаров тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Пресс-борбор
Кыргызстанда жаңыланып жаткан эки заводдон К-4 жана К-5 классындагы бензин чыгат