20-мартка карата аба ырайы

20-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жеринде +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын чөлкөмүндө +4…+9 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +20…+22 градуска жетет.
Күн катуу ысыйбы? Апрель айына карата аба ырайы