Россия президентин шайлоо

Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады.
Өлкө башчы Путиндин шайлоодогу ишенимдүү жеңиши Россия элинин эгемендүүлүктү бекемдөө, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана тышкы саясатын ачык жүргүзүү боюнча саясатты таануусунун жана колдоосунун ачык далили экенин белгиледи.
"Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенет", — деп жазылат кабарда.
Путин Жапаровго куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирген. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташууну, ошондой эле ушул жылдын май айында Москвада өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик жыйынын талкуулашкан. Жыйынга Садыр Жапаров да катышмакчы.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуштардын 99,01 пайызы саналып бүттү.
Анда добуштардын 81 пайызына ээ болуп Владимир Путин алдыда. Экинчи орунга 13 пайыз менен Владислав Даванков чыкты. Калган 1,5 пайызы Николай Харитоновду, 0,7 пайызы Леонид Слуцкийди шайлаган.
Россия президентин шайлоо
Бишкектеги россиялыктардын көбү добушун Владимир Путинге берди