БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевге тышкы саясий ведомствонун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөндө эле эмгек жолун мыкты курган таланттуу дипломаттардын бүтүндөй мууну менен сыймыктана алат. Учурда Россия менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрликтери өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана Евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө олуттуу салым кошууда", — деп айтылган куттуктоодо.
Элчи министрге жана Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын бардык кызматкерлерине, ардагерлерине чың ден соолук, бакубатчылык жана бардык жакшылыктарды каалаган.
Эске салсак, Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Учурда аталган ведомствого 80 жыл толду. Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин алгачкы жетекчиси Казы Дикамбаев болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөк менен таанышсаңыз болот.