Россия президентин шайлоо

Россиядагы президенттик шайлоо. Протоколдордун 99,01%ы иштелип чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты. Бул тууралуу РФтин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, Владимир Путин алдыда бара жатат. Ал шайлоочулардын 87,33 пайыз добушуна ээ болгон.
Эске сала кетсек, Россияда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Учурдагы 87 пайыз — бул Россиянын тарыхындагы президенттик шайлоодогу рекорддук көрсөткүч.
Буга чейин эң көп дегенде 76,69 пайыз болгон, анда дагы Путин жеңген.
Россия президентин шайлоо
Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу