Россия президентин шайлоо

Путин шайлоодогу атаандаштары менен жолукту. Видео

Россия лидери шайлоо кампаниясы цивилдүү, мыйзамга ылайыктуу өткөнүн айтып, атаандаштарына ыраазылык билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Владимир Путин президенттик шайлоодогу атаандаштары менен жолугуп жатканда буга чейин айтылган идеяларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттары Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Леонид Слуцкий атаандаш болгон.
Ал үч талапкер көп эл менен жолуккандыгын жана калктын бийликтен эмнелерди күтүп жатканын алардын билерин айтты.
"Биз өлкөнүн парламентинде активдүү ишти улантышыбыз керек, айтылган идеяларды алдыга жылдыруу боюнча биргелешип иш алып баруу зарыл, аларды ишке ашыруу өлкө алдында турган көйгөйлөрдү чечүүгө жакындообузга мүмкүндүк берет. Сиздер көп эл менен жолуктуңуздар, алар бийликтен эмне күтүп жаткандарын айтышты да... Алдыга койгон максаттарыбызга жетүү маанилүү”, — деген Россия президенти.
Ал шайлоо кампаниясы цивилдүү, мыйзамга ылайыктуу өткөнүн айтып, атаандаштарына ыраазылык билдирди.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо болуп, ага төрт талапкер катышты. Соңку маалыматтарга таянсак, Путин 87,28 пайыз менен алдыда келе жатканын бардык протоколдор саналгандан (100 пайыз) кийинки жыйынтык көрсөткөн.
Россия президентин шайлоо
Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады