Россия президентин шайлоо

Exit poll: Путин добуштардын 87%ына ээ болуп алдыда баратат

Sputnik
БИШКЕК, 18-Мар. — Sputnik. Россияда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Владимир Путин добуштардын 87 пайызына ээ болуп алдыда баратат. Мындай жыйынтыкты Exit poll чыгарууда.
Бул — добуштардын 24,4 пайызы эсептелгенден кийинки көрсөткүч.
Добуш берүүчү жайлар саат 20:00гө (23:00 бшк) чейин иштеди. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Россия президентин шайлоого катышкандардын саны 73,33 пайызды түзгөнүн билдирген.
Россияда президенттик шайлоо үч күнгө белгиленип, 17-мартта аяктады. Өлкө башчылыгына төрт талапкер: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышты.
Россия президентин шайлоо
Кыргызстандык депутат: Москвада эл шайлоонун маанисин түшүнүп келгени байкалууда