Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Киев көзөмөлдөгөн жерлерде санитардык аймак түзүлөрүн четке каккан жок

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын президенттигине талапкер, азыркы мамлекет башчысы Владимир Путин Россия Киев режимине баш ийген жерлерде санитардык аймак түзүүгө аргасыз болорун четке какпайт.

"Мен азыр бул нерсе кандайча ишке ашарын айтууга даяр эмесмин. Бирок бүгүнкү күндө болуп жаткан каргашалуу окуяларды эске алуу менен биз кайсы бир учурда, ылайыктуу деп эсептегенибизде Киев режимине баш ийген жерлерде санитардык аймактарды түзүүгө аргасыз болобуз", — деди Путин.

Анын айтымында, душман куралдарды, биринчи кезекте чет өлкөлүк өндүрүштөгүлөрдү колдонуу менен жеңүүгө өтө кыйын болгон коопсуз аймак түзүлөт.
Макрон Россияга каршы операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт