Маданият министрлиги Музей фондун толуктап, экспонаттарды санариптештирүүгө көңүл бурууда. 2023-жылдын жыйынтыгы менен фондуда буюмдар 3978ге көбөйүп, көрсөткүч өткөн жылдарга караганда кескин өскөнүн Нурзат Ыбыкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатканда айтты.
Анын маалыматында, консервациялоо жана реставрациялоонун жыйынтыгында 1 089 музей буюму калыбына келтирилди.
Адис бул тармакти иш "Музейлер жана музей фонду жөнүндө" мыйзамдын, бул жааттагы нускаманын, Музей буюмдарын жана коллекцияларын аталган фондунун курамына киргизүү жана чыгаруу тартибине, анын каталогу тууралуу жобого ылайык жүргүзүлөрүн айтып берди.
"Министрлик былтыр бул тармактагы ишти жандандыруу, жакшыртуу боюнча бир топ иштерди колдоп, каражат бөлдү. Алсак, консервациялоо жана реставрациялоо боюнча 1 089 музей буюму калыбына келтирилип, 5388и санариптештирилди. Мындан тышкары, 2023-жылдын жыйынтыгы менен фондудагы буюмдар 3978ге көбөйүп, көрсөткүч өткөн жылдарга караганда кескин жакшырды. Экскурсиялар уюштурулуп, лекциялар окулуп, түрдүү багыттагы көргөзмөлөр көрөрмандарды кубантты", — деди Ыбыкеева.
Адис ошондой эле өлкө аймагындагы музейлерге көңүл бурулушу, инфраструктуралык иштер жасалышы керектигин кошумчалады.