Январда Кыргызстандан сыртка 56 млн. доллар которулду

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 56,4 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында айтылат.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карта) жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болууда.
Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллион долларга аз.
Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. Алсак, январда өлкөгө 259 миллион доллар которулган, анын басымдуу бөлүгү Россиядан келет.
ЕАЭБдегилерден ичинен алганда КРде көп: өлкөгө сырттан 259 млн. доллар которулган