БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн, 18-мартта, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматы үчүн сатып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдууларды көрдү. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев логистикалык жабдууларды жана атайын техникаларды алууга бюджеттен каражат бөлүнгөнүн билдирди. Сатып алынган аскердик-техникалык жабдыктар чек ара бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.
"Ташиев ведомство менен өлкө жетекчилиги УКМКнын алдында турган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.