Кантта бир ай мурун жоголгон кыздын сөөгү табылды

Кыз Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн, 18-мартта, дайынсыз жоголгон 19 жаштагы А.Ж.К. сөөгү Чоң Чүй каналынан (ЧЧК) табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Буга чейин анын туугандары милицияга кайрылган. Алар 15-февралга караган түнү кыз Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") менен иш козголуп, издөө иштери ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлгөн.
"18-мартта анын сөөгү ЧЧКдан табылып, өлүкканага жөнөтүлдү. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде бир нече күндөн бери изделип жаткан аялдын сөөгү табылды