БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектин таштанды таштоочу жайын тосууга бөлүнгөн 22,3 миллион сом сол чөнтөккө солонуп кеткен. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
© Фото / пресс-служба МВД КР
Маалыматка караганда, 2022-жылы санитардык полигондун айланасын бетон тосмолор менен курчоого тендер жарыяланып, "АБК Голд" компаниясы уткан.
Келишим боюнча, ишкана жумушту эки айда аткармак, бирок бүткөргөн эмес. Подрядчыга башында акчанын баарын которуп коюшкан.
"Бирок ал талаптагыдай жасабай, эски бетон тосмолорун орноткон. "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары мамлекетке 22,3 миллион сом зыян келтирген", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголду.