БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы тактоо киргизип, Нооруз майрамына карата Бишкектин айрым көчөлөрү үч эмес, беш күнгө жабыларын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматы борбор калаанын көчөлөрү үч күнгө жабыла турганын маалымдаган. Бирок шаар мэри кайра башка маалымат берди. Ага ылайык, бүгүн, 18-март саат 22:00дөн 23-март 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү.
Мэрия мындай ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурайт.