Бишкекте уксус ичип алган бөбөктү сактап калган милиционерлер сыйланды

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте баланы сактап калган милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБи билдирди.
1 / 2

Бишкекте баланы сактап калган милиция кызматкерлери сыйланды

2 / 2

Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Айбек Ажибаев инспекторлорго Ардак грамота тапшырган

Ага ылайык, 11-мартта Милициянын кайгуул кызматынын Кубаныч Абдыкулов жана Мирлан Таалайбеков аттуу инспекторлоруна аял кайрылган. Ал уулу уксус ичип алганын айтып, инспекторлордон баласын ооруканага жеткиришип коюуну өтүнгөн.

"Милиция кызматкерлери эне-баланы №3 балдар ооруканасына жеткирип, дарыгерлер балага убагында медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Айбек Ажибаев инспекторлорго Ардак грамота тапшырган.
Ысык-Көлдө топоз кайтарып жүрүп өзүн атып алган киши аман калды