"Ваучер – билим алуу үчүн кандайдыр бир суммада чегерилген билет же купон. Аны алган адам каалаган билим берүү мекемесин тандай алат жана окуу акысына каражатты мамлекет которот. Мындай шартта өкмөт билим берүү мекемесине акча которуу жолу менен окуу акысын жарым-жартылай же толук төлөп берүүгө милдеттенет. Мындайча айтканда, акча баланын артынан ээрчийт. Учурда ваучердик каржылоонун механизмдери иштелип чыкты. Бала бакчаларда эки категориядагы ваучердик каржылоо жүргүзүлөт. Биринчиси, калктын аялуу катмарындагы үй-бүлөнүн баласына жылына 83 миӊ сом, ал эми башка ваучерлерге 61 миӊ сом (бул жерде тамак-аш, гигиеналык каражаттар кошулбайт) бөлүнөт. Бирок акча 12 айга бөлүнүп, ай сайын которулуп турат. Себеби бала түрдүү себептерге байланыштуу билим алып жаткан жерин алмаштырышы мүмкүн. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 64-беренесине ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып алгач бала бакчаларга ваучердик каржылоо киргизилет. Жалпы 1000 ваучер берген турабыз. Ал үчүн сентябрга жакын каржылоону алуу үчүн сынак жарыяланат. Артыкчылык аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилет. Бул системада ата-эне баласын мектепке чейинки кайсы мекемеге же мектепке берүүнү өзү тандайт. Жыйынтыгында окуучу кайсы мектепке көп барса, ошол мекеме көбүрөөк каржыланат жана бала бакчалар, мектептер бул укукка ээ болуу үчүн бири-бирине атаандашууга аргасыз болушат. Мындан тышкары, ваучер калктын жакыр катмарына даректүү колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, ошону менен коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашырууга шарт түзүлөт", — деди Нишарапов.