Тышкы иштер министрлигине 80 жыл. Кыргыз дипломатиясынын түптөлүшү сүрөттө

80 жыл мурда түзүлгөн тышкы саясий ведомство дипломатия жаатында алгачкы улуттук кадрларды даярдоодо чоң мектеп болду.
Sputnik
Союздук республикаларда тышкы иштер министрликтерин түзүү зарылчылыгы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жаралган. Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Ведомствону Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары жетектечү. Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта ведомствонун штаты көбөйтүп, функциясы кеңейген.
Sputnik Тышкы иштер министрлиги кандай жолду басып өткөнү тууралуу сүрөт түрмөк даярдап, кадрларды Борбордук архивден жана дипломаттардан алды.
1 / 21

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин алгачкы жетекчиси Казы Дикамбаев кызы Марта менен. 1946-жыл

2 / 21

Кыргыздан чыккан биринчи кесипкөй дипломат Закон Турдукулов (сол жакта). Фрунзе, 1967-жыл.

3 / 21

Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын делегациясы Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, эски аэропорт. 1959-жыл

4 / 21

Вьетнамдын лидери Хо Ши Мин Стрельников атындагы асыл тукум мал чарбасында. Аламүдүн району, Арашан айылы. 1959-жыл

5 / 21

Бириккен Улуттар Уюмунун курамындагы Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Афганстандагы өкүлү кыргызстандык дипломат Сабырдин Турсунов (сол жактан төртүнчү) жергиликтүү көчмөндөрдүн арасында. 1960-жылдар

6 / 21

СССРдин Мехико шаарындагы элчилигинин 1-катчысы Талгарбек Сарбанов кесиптеши менен. Мексика, 1961-жыл.

7 / 21

Советтер Союзунун Пакистандагы элчилигинин 3-катчысы Алмасбек Тилебалиев жергиликтүү кесиптеши менен. Карачи шаары, 1962-жыл.

8 / 21

Советтер Союзунун Алжирдеги элчилигинин кызматкери Полот Искаков (1-катарда сол жактан биринчи) кесиптештери менен. Алжир шаары, 1965-жыл.

9 / 21

СССРдин Вьетнамдагы элчилигинин кызматкери Касымбай Намазбеков (сол жактан биринчи) моңгол жана советтик кесиптештери менен. 1971-жыл, 3-январь. Ханой, Түндүк Вьетнам.

10 / 21

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Сакин Бегматова Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрүнө арналган митингде. Душанбе, 1976-жыл.

11 / 21

Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрү. Кыргыз делегациясы Исфара шаарында, алдыңкы планда Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова. Ал 1953-1963- жылдары республиканын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

12 / 21

Кыргызстанга расмий сапар менен келген Индиянын лидери Раджив Ганди жубайы Соня экөөнүн кетип жаткан маалы. 1985-жыл, май. Фрунзе, "Манас" аэропорту.

13 / 21

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова француз кесиптештери менен. Париж, 1985-жыл.

14 / 21

СССРдин Саппоро шаарындагы башкы консул Ишенбай Абдуразаков үй-бүлөсү менен. Түндүк Япония, 1990-жыл.

15 / 21

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаеванын Индияга иш сапар менен барган учуру. 1990-жыл, Калькутта.

16 / 21

Кыргызстандын башчысы Аскар Акаев Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто менен жолугушууда. Евгений Каблуков урду тилинен которуп берип жатат. Исламабад, 1994-жыл, декабрь.

17 / 21

Кыргызстандын Тегерандагы туңгуч элчиси Мукун Асейиновдун Ирандын президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани менен жолугуп жаткан учуру. 1996-жыл

18 / 21

Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Марат Саралинов (сол жакта) Монголиянын президенти Нацагийн Багабандиге ишеним грамотасын тапшырып жаткан маалы. Улан-Батор, 1998-жыл.

19 / 21

Малайзиянын элчиси президент Аскар Акаевге ишеним грамотасын тапшырып жаткан учуру. Бишкек, 2003-жыл.

20 / 21

Кыргызстандын Делидеги элчиси Ирина Оролбаева Индиянын президенти Абдул Калам менен. 2007-жыл

21 / 21

"Кыргызстан дипломаттары" коомдук бирикмесинин төрагасы, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев (трибунада) сүрөтчү Таалайбек Усубалиевди "Тилекмат аке" төш белгиси менен сыйлап жаткан маалы. Бишкек, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана. 2018-жыл, май.

Тема боюнча:
КМШнын башкы катчысы Кыргызстан ТИМин 80 жылдыгы менен куттуктады