Түштүк Осетия Россияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү талкуулап жатат

2023-жылы Түштүк Осетиянын президенти Алан Гаглоев элге жана парламентке кайрылып жатып, республиканын Россия курамына кирерине ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Түштүк Осетиянын Россияга кошулуу ыктымалдыгы боюнча маселе Москва менен тыгыз байланышта талкууланып жатат. Бул тууралуу өлкө парламентинин төрагасы Алан Алборовдун айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Маселе эки тараптуу алака жана келишимдердин негизинде Россия Федерациясы менен тыгыз байланышта талкууланып жатат", — деген ал референдум өткөрүү боюнча суроого жооп берип жатып.
Алборовдун айтымында, Москва менен Цхинвал координацияланган тышкы саясат жүргүзүп келет.
"Россия менен чогуу бир чечимге келгенде аны сөзсүз ишке ашырабыз", — деген ал.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Түштүк Осетиянын президенти Алан Гаглоев элге жана парламентке кайрылып жатып, республиканын Россия курамына кирерине ишеним арткан. Бирок 2022-жылдын май айында Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва аталган республиканын кошулушу боюнча эч кандай аракет көрбөй турганын айткан эле.
Кийинчерээк Россия ТИМинин АКШ мамлекеттеринин 4-департаментинин директору Денис Гончар РИА Новости менен маектешип жатып, эгер Түштүк Осетия конкреттүү сунуш киргизсе, Россия тарап карап көрөрүн билдирген.
Түштүк Осетияда россиялык тынчтык орнотуучулар эскерилди. Видео