Россия президентин шайлоо

Россияда шайлоо участкалары жабыла баштады. Добуш бергендер 73%дан ашты

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Сааты Москва убактысы менен бирдей болгон Россиянын региондорунда шайлоо участоктору жабылды.
Добуш берүүчү жайлар саат 20:00гө (23:00 бшк) чейин иштеди. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Россия президентин шайлоого катышкандардын саны 73,33 пайызды түзгөнүн билдирди.
Добуш берүү тилкелери бүгүн эртең менен саат 8:00дө ачылган. Россияда президенттик шайлоо үч күнгө белгиленип, бүгүн аяктап жатат. Өлкө башчылыгына БШК каттаган төрт талапкер: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышууда.
Россия президентин шайлоо
РФ президентин шайлоо. Кыргызстандагы добуш берүү тилкелери жабылды