Россия президентин шайлоо

Кыргызстанда Россиянын президенттик шайлоосуна добуш берүү участоктору ачылды

Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Россиянын президенттик шайлоосуна добуш берүү участоктору ачылды.
Учурда өлкөнүн төмөнкү даректеринде шайлоо тилкелери добуш берүүчүлөрдү кабыл алууда:
Россиянын элчилигинде (Бишкек шаары, Манас проспекти, 55);
Ош шаарындагы Башкы консулдукта (Бобулов көчөсү, 77);
№20022 аскер бөлүгүнүн маданият үйүндө (Кант, Полевая көчөсү, 10А/1);
№87366 аскердик бөлүгүнүн клубунда (Каракол шаары, Кой-Сары).
Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
1 / 5

Кыргызстанда Россиянын президенттик шайлоосуна добуш берүү участоктору ачылды

2 / 5

Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулуп, бүгүн жыйынтыкталат. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.

3 / 5

Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуш бергендердин саны 50 пайыздан ашты

4 / 5

Кыргызстандагы Россиянын президенттик шайлоосу

5 / 5

Кыргызстандагы Россиянын президенттик шайлоосу

Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулуп, бүгүн жыйынтыкталат. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуш бергендердин саны 50 пайыздан ашты.
Россия президентин шайлоо
ТИМ: Батыш Россиядагы шайлоодо экстремизмдин белгилерин козгоп жатат