Россия президентин шайлоо

Ошто Россия президентин шайлоо кандай өтүп жатат? Видео

Бүгүн Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылды, анын бири Ошто.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиянын Оштогу Башкы консулдугунда Россия президентин шайлоого добуш берүү активдүү жүрүп жатат.
РФтин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргөн жарандары өз тандоосун жасоо үчүн келип жатышат.
Бакшы консул Андрей Бибишовдун айтымында, добуш берүү процесси тынымсыз жүрүүдө.
"Шайлоочулардын саны арбын, көп келип жатышат. Тартип толугу менен камсыздалган. КМШ өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулар катышууда, менимче, алар эч кандай эреже бузуларды байкашкан жок", — деди Бибишев.
Ошондой эле ал шайлоону уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
1 / 8

Россиянын Оштогу Башкы консулдугунда Россия президентин шайлоого добуш берүү активдүү жүрүп жатат

2 / 8

РФтин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргөн жарандары өз тандоосун жасоо үчүн келип жатышат

3 / 8

Бакшы консул Андрей Бибишовдун айтымында, добуш берүү процесси тынымсыз жүрүүдө

4 / 8

"Шайлоочулардын саны арбын, көп келип жатышат. Тартип толугу менен камсыздалган. КМШ өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулар катышууда, менимче, алар эч кандай эреже бузуларды байкашкан жок", — деди Бибишев.

5 / 8

Ошондой эле ал шайлоону уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка өзгөчө ыраазычылыгын билдирди

6 / 8

Бүгүн, 17-мартта, Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылды, анын бири Ошто

7 / 8

Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин болот

8 / 8

Россиянын президенттигине Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон

Бүгүн, 17-мартта, Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылды, анын бири Ошто. Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Россиянын президенттигине Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Россия президентин шайлоо
Бишкекте РФ жарандары Россиядагы президенттик шайлоого добуш беришүүдө. Видео