Масленица кандай майрамдалды. Ленинское айылынан фоторепортаж

Кышты узаткан майрам Ленинское айылында да белгиленди. Масленица кандай өткөнүн Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн көрсөңүз болот.
Sputnik
Майрамдык иш-чара айылда жайгашкан чиркөөнүн жанында өттү. Ага жергиликтүү тургундар да, шаардын коноктору да катышты.
Масленица христиандар өзүн тамак-аштан чектеген ыйык күндөргө чейинки бир жума бою белгиленет. Бул — христиан динине чейин пайда болуп, азыркыга чейин сакталып калган жөрөлгө. Майрам ыр-күлкү менен коштолуп, башкы тамак болгон блин дасторконго коюлат да, кыш каракчысынын өрттөлүшү менен салтанат жыйынтыкталат.
1 / 13

Бишкектин жака-белиндеги Ленинское айылында өткөн Масленица

2 / 13

Шаңдуу иш-чара айылдагы чиркөөнүн жанында болду

3 / 13

Ага жергиликтүү тургундар менен бирге шаардын коноктору да катышты

4 / 13

Масленица христиандар өзүн тамак-аштан чектеген ыйык күндөргө чейинки бир жума бою белгиленет

5 / 13

Бул христиан динине чейин пайда болуп сакталып калган жөрөлгө

6 / 13

Майрам ыр-күлкү, бий менен коштолот

7 / 13

Дасторконго майрамдын башкы тамагы — блин коюлат

8 / 13

Байгесин алганы бараткан жигит

9 / 13

Сүрөткө түшүп жаткандар. Бул күн көпкө чейин эсте калат.

10 / 13

Салт боюнча, майрамдын соңунда кыш каракчысы өрттөлөт

11 / 13

Быйыл Масленица 11-марттан 17-мартка чейин созулду

12 / 13

Даам ооз тийгизип жаткан казактар

13 / 13

Эми христиандар 48 күнгө чейин өзүн тамак-аштан чектеп, Пасхага даярдык көрүшөт