Россия президентин шайлоо

Бишкекте РФ жарандары Россиядагы президенттик шайлоого добуш беришүүдө. Видео

Бүгүн Кыргызстандын аймагында төрт шайлоо тилкеси ачылды.
Sputnik
Шайлоо участокторунун бири Россиянын Бишкектеги элчилигинин имаратында жайгашкан. Добуш берүү саат 08:00дө башталды. Атуулдук милдетин аткаруу үчүн айрымдар шайлоо тилкеси ачылганга чейин эле келишкен. Саат 10:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн узун кезеги дээрлик кийинки көчөгө чейин жетти.
Белгилей кетсек, президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Тема боюнча:
Россияда президенттик шайлоодо добуш бергендердин саны 50 пайыздан ашты