Радио

Бишкекте кулагы укпагандар арасында таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендиктер бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов Кыргызстанда сурдоспортко өкмөт жакшы көңүл буруп, жайылтуу, өнүктүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
25-30-март аралыгында Бишкекте кулагы укпагандар жана начар уккандар арасында таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Тилекмат Абдырахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнө биринчилигине 14 өлкөдөн келген спортчулардын катышары күтүлүп, даярдык толук кандуу жүрүүдө.

"Кыргызстанда сурдоспорт менен машыккандардын саны өтө көп эмес. Алардын көбү таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш, футбол, волейбол, жеңил атлетика менен алектенишет. Өкмөт параспорт, сурдоспортту да өнүктүрүү максатында бюджеттен каражат бөлүп, мелдештерди өткөрүп келет. Былтыр бизде Азия — Тынч океан сурдочемпионаты өтсө, быйыл 25-30-март аралыгында Бишкекте кулагы укпагандар жана начар уккандар арасында таэквондо боюнча экинчи дүйнө чемпионаты өтөт. Өлкөнүн курама командасынын атынан кыздар жана балдар арасында сегиз спортчу өлкө намысын коргойт. Мелдешке 14 өлкөдөн келген спортчулардын катышары күтүлүп жатат, даярдык толук кандуу жүрүүдө", — деди Абдырахманов.

Ошондой эле адис Дене тарбия жана спорт департаменти спорттук базаны жакшыртуу, инфраструктураны түзүү боюнча да алгылыктуу кадамдарды жасап жатканын кошумчалады.